Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

ӨКМӨТТҮК КОМИССИЯ ИШКЕРЛЕРДИ КОЛДОЙТ


Ишкерлерди колдоо жаатында өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев башында турган комиссия түзүлүп, өз ишин баштады. Комиссиянын негизги максаты ишкерликтин өнүгүшүнө тоскоол болуп жаткан бири-бирин кайталаган текшерүүлөрдү чектөө, бул жааттагы коррупциянын азайышына кам көрүү, текшерүүнүн ачык-айкын болушу үчүн заманбап санариптик технологияларды колдонуу болуп саналат. Өкмөт башчы жөнү жок текшерүүлөрдүн аркасында басым-кысым аркылуу жеңил акчага туйтунуу ниети жатканын айтып, муну жөнгө салууга чакырды. Ал эми ишкерлердин айтымында тажатма текшерүүлөр менен биргеликте салыктын өлчөмүнүн жогорулугу да кыйла оордук кылууда.

Өкмөт башчы башында турган комиссия, негизинен Жогорку Кеңеш кабыл алган “Чакан ишкерликке мамлекеттик колдоо көрсөтүү” жана “Ишкердик жайларды текшерүүнүн жол-жоболору” аттуу мыйзамдын ишке ашырылышы үчүн аргаларды издемекчи. 18-июлда бул комиссия биринчи жыйынын өткөрүп, ушул эле жылдын 1-сентябрына чейин бардык укуктук-нормативдик иш кагаздарын карап чыгып, ишкердикке тоскоол болгон нерселерди аныктап, алып салууга милдеттенди. Комиссиянын төрагасы, премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин айтымында, өлкөнүн өнүгүшү үчүн ишкерлердин иштөөсүнө тоскоол болбой, ар кандай текшерүүлөрдү тезинен чектөө керек. Анын ырасташынча, текшерүү органдары көп учурда ишкерлерди өз кызыкчылыгы үчүн гана текшеришет:

- Менин оюмча өкмөт ишкерлерге жардам бергиси келсе оболу алардын ишине жолтоо болбошу гана керек. Алардын жолунан ар кандай бюрократиялык тосмолорду, ишкерлерге бюрократиялык жол менен кысым көрсөтүүнү алып таштоо зарыл. Мен өзүм мурдагы ишкер катары текшерүүлөр көбүнчө өлкөнүн өнүгүшү үчүн эмес, ишкердин туура иштеп атканын аныктоо үчүн эмес, кысым аркылуу акча өндүрүү үчүн жазаларын билем. Таза ишкер өзү эле салыктарды төлөйт, таза эмес ишкер пара берет, терс бурулуп да кетет. Тилекке каршы бул ушундай.

Ошондой эле Алмазбек Атамбаев, бүгүнкү күндө өлкөнүн ички дүң продуктусунун кыйла бөлүгүн орто жана чакан ишкерлер берип жатканын, аларды колдоого алуу менен бул көрсөткүчтү бир канча эсеге жогорулатууга мүмкүн экендигин билдирди:

- Ички дүң продуктунун 44 %ын орто жана чакан ишкерлер берет. Эгер биз ишкерлердин ишине жолтоо болбосок, биз бул көрсөткүчтү 100 %дан да ашыра алабыз. Ошондуктан биздин парламент ушундай жакшынакай мыйзам кабыл алып, президент кол коюп аткандан кийин, муну өкмөт менен ишкерлер туура колдонуп, президенттин жарлыгы иштеп кеткендей кылышыбыз керек.

Ишкерлердин айтымында негизинен ар кандай салыктардын өлчөмүнүн жогорулугу, көптөгөн коррупциялык мамилелерди туудурат. Анткени текшерүү кызматтары салыктардын жогорулугунан пайдаланып, ишкерлер менен жең алдынан мамиле курушат. Жаш экономист жана ишкер Садык Мукашевдин пикиринде, көмүскө экономиканын пайда болушуна да ушул себепчи болду:

- Мамлекет тарабынан көптөгөн мыйзамдар иштелип чыккан. Бирок ал мыйзамдар иштебейт. Көпчүлүк ага баш ийбейт. Салыктын өлчөмү аябай эле жогору да, ошол себептүү ишкерлер аны төлөй алышпайт, андыктан алар паракорчулукту пайда кылышат. Көмүскө экономика ушинтип пайда болуп атпайбы. Мамлекет мындайда субцидияларды караштырыш керек чакан ишкерлерге. Маселен, биринчи беш жылдыкта туризм секторунда иштегендерге алар бутуна туруп алгыча салык албоо. Андан кийин бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу зарыл.

XS
SM
MD
LG