Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:19

ШКУ ӨЛКӨЛӨРҮ АВТО КАТТАМДАРЫН ЖЕҢИЛДЕТҮҮ АРГАЛАРЫН ИЗДЕП ЖАТЫШАТ


Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдөн куралган эксперттик топ, “Авто унаалар аркылуу эларалык жүк ташуу шарттарын жеңилдетүү” жөнүндөгү долбоорду иштеп чыгуу үчүн Бишкек шаарында чогулушту. Долбоордун максаты авто унаа аркылуу бир мамлекеттен экинчи мамлекетке жүк ташуу шарттарын жумшартып, жалпы экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү болуп саналат. Долбоор иштелип чыккан соң ШКУга кирген мамлекеттердин президенттерине кол коюуга берилет.

ШКУга кирген өлкөлөрдүн жол тармагында эмгектенген адистеринен куралган эксперттик топ, Бишкек шаарында чогулуп, “Авто унаалар аркылуу эларалык жүк ташуу шарттарын жеңилдетүү” жөнүндөгү долбоорду иштеп чыгууга киришишти. Конокторду Кыргызтандын Транспорт жана байланыш министрлиги кабыл алып, аталган мекеменин адистери топтун курамына киришти. Тажикстандын авто транспорт башкармалыгынын жетекчиси Фарух Фахриддинов, долбоордун негизги максаттары тууралуу буларга токтолду:

- Эсперттердин максаты “Авто унаалар аркылуу эларалык жүк ташуу шарттарын жеңилдетүү” жөнүндөгү келишимди иштеп чыгуу болуп саналат. Бул биздин ШКУга кирген өлкөлөрдүн өз ара байланыштарынын чыңдалышына, экономикалык жактан өнүгүшүнө алып келет. Кол коюла турган келишим өз ара транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатып, биздин өлкөлөрдүн деңиздерге чыгуусуна жардам берет.

Орусиянын жол тармагы боюнча мамлекеттик департаментинин бөлүм башчысы Леонид Соколовдун айтымында, долбоор аяктаган соң ШКУга мүчө өлкөлөр каражат чыгарып, жолдордун оңдолушуна, шарттардын жумшарышына кам көрөт:

- Биз авто унаалар аркылуу жүк ташуунун шарттарын сөзсүз жеңилдетишибиз керек. Ага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн макулдугу керек болот. Андан соң биз долбоорду иш жүзүндө аткара баштайбыз. Бул долбоор керек. Анткени авто унаа менен жүк ташуу башкаларга караганда азыркы тапта өтө алдыга кетти.

Казакстандын Транспорт министрлигинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Зухра Абишеванын ырасташынча, Орто Азия өлкөлөрү арасында жүк ташуу кыйла эле дурус абалда. Бирок ШКУнун алкагындагы мындай долбоор экономикалык жактан алда канча пайдалуу болуп саналат:

- Кытайлардын, Кыргызстандын, Казакстандын жана башка бул жактагы өлкөлөрдүн авто унаа менен жүк ташуучуларына жакшы шарт түзүү зарыл экендигин түшүнүп атабыз. Алар өз жүктөрүн Орусияга, Европага жеңил алып бара турган болсо биздин элдердин жашоо шарты жакшырат деп ойлойбуз.

Кыргызстандык адистердин айтымында да, эл аралык жүк ташуу маселесин жеңилдетүү кечиктирилгис нерсе болуп турат. Ошондой эле быйыл кыргыз өкмөтү жол курууга былтыркыдан үч эсе көп каражат бөлгөн. Эми эларалык каттамдарда жүк ташуу шарттары жеңилдесе ишкерлерге кыйла дурус болот дешет.

XS
SM
MD
LG