Борбор Азиядагы Америка университетинин антропология бөлүмүнүн үч студенти жана Улуттук университеттен эки студент жайкы каникулду Өзбекстандагы Оби-Рахмат үңкүрүндөгү жана Көл-Булак аймагында археологиялык иликтөө иштерге катышуу менен өткөрүүдө. Өзбекстандын Кыргызстан менен чектеш жериндеги Оби-Рахмат үңкүрүнөн окумуштуулар алтымыш миң жыл илгери жашаган байыркы адамдын сөөгүн табышкан. Орусия илимдер Академиясынын Cибирь бөлүмүндөгү Археология институту уюштуруп жаткан изилдөөгө Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Бельгия, Франция жана Германиядан кыркка жакын студент катышууда. (EBM)