Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:07

18:00 Жалалабад облусунун бир тургуну нааразылык акциясын баштады


ЖАЛАЛАБАТ. Каракөл шаарындагы жол тейлөө мекемесинде мурда иштеген Абдымамбет Кадырбеков облустук бийликтин маңдайында бүгүн 15 мүнөттөй пикетте турду. Ал бир жарым ай мурда президент менен губернаторго жиберген кайрылуусуна жооп албаганына нааразы болуп, жол тейлөө мекемесинин башчысы Зайырбек Сарсеитов менен, ал ишканадагы үч кызматкерди кызматтан кетирүү талабын коюуда. Облбийликтин жооптуу өкүлдөрү аны менен бүгүн сүйлөшүүгө чыкпаган соң, Кадырбеков нааразылыгын Жалалабаттагы Ленин көчөсү аркылуу автобекетке чейин, түштөн кийин Каракөл шаарына жөө жүрүш менен улантты. 23-июлда ал колундагы плакаттар аркылуу Чүй проспектиси аркылуу Акүйгө чейин жөө жүрөрүн билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG