Тышкы иштер министринин маалымат катчысы Мизаил Камынин дипломаттардын ысымдарын ачыкка чыгарган жок, бирок алар өлкөнү 10 күндүн ичинде таштап кетиши керектигин жарыялады. Камынин ошондой эле Орусия Британиянын расмий өкүлдөрүнө виза берүүнү токтотуп, бул өлкө менен терроризмге каршы кызматташтыгынан баш тартаарын бышыктады.