Эки жумага созулган окууга Казакстан жана Тажикстандан келген отузга жакын студент катышты. Студенттер НАТОнун ишмердүүлүгү, эл аралык дипломатия жана коопсуздук маселелерин талкуулашты. Алар Франция, Индия, Ооганстан, Кытай жана Орусиядан келген дипломаттар менен баарлашып, Тажикстандын тышкы иштер министри менен жолугушту. Окуунун соңунда студенттер атайын дипломго ээ болду. Жайкы академияны ЕККУ, НАТО жана “Вектор Интеллект” борбору уюштурган. (ZMa)