Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

13:38 «Российская газета»: «Манас» аба базасы Иранга каршы сокку уруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн


Аталган гезит 20-июлда чыккан санында «Акүй Иранга кол салууну чечти сыяктанат» деп аталган макаланы британиялык «Гардиан» гезитине таянып жарыялады. Анда Кошмо Штаттарынын Иранга кол салуу пландары айтылат. Гезиттин жазышынча, Ирандын уранды байытуу иштерин токтотуу чечими Вашингтондун кыжырын кайнатууда. Иранга кол салуу, божомол маалыматтарга караганда, келээрки жылдын жаз айында болушу мүмкүн. Бирок кол салуу операциясына даярдыктар жарым жылдан бери жүрүүдө, деп жазат гезит. Иранга сокку Иракта жана Ооганстанда жайгашкан «Кандагар» жана «Баграм» , мындан тышкары Бишкекте жайгашкан «Манас» аба майдандарынан болушу мүмкүн экени айтылат. Ал эми кыргызстандык саясат таануучу Зайнидин Курманов «Манас» аба базасы Иранга каршы согушта пайдаланылат деген коркунуч жокко эсе деп эсептейт. «Бул АКШнын саясатына туура келбейт. Ошондуктан кыргыз эли ушул сыяктуу макалаларга ишенип, чагымдарга барбашы керек», дейт З. Курманов.(MSu)

XS
SM
MD
LG