Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

13: 38 Т.Акун: Ж.Арыкова онкологиялык оорусу козголуп жатканын айтты


Бүгүн маалымат жыйынында Президенттин алдындагы адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун, УКМКнын камагында жаткан Жогорку Кеңештин кызматкери Жыпаргүл Арыкованын ал-абалы менен таанышып чыкканы тууралуу айтты. Анын айтымында, тыңчылык кылган деген айып менен кармалган Ж.Арыкова жакшы шарттарда кармалып турат. Бирок ал онкологиялык оорусу козголуп жатканын, ошол себептүү баш коргоо чарасын сот башталганга чейин өзгөртүп турууга жардам сураганын билдирген. Укук коргоочунун ырасташынча, Ж.Арыкованын жаткан жеринин шарттары дурус, чакан спорт бөлмөсү, китепканасы, гезит-журналдары бар. Ал эми аны менен кошо кармалган Кытайдын жараны да УКМКда кармалып турат. УКМК азырынча кармалган адам кайсыл өлкөгө жашыруун маалыматтарды бергенин так ырастай элек. Бирок буга чейин Ж.Арыкова менен кошо Кытайдын жараны кармалгандыктан, ал ушул өлкөгө тыңчылык кылгандыгы тууралуу божомолдор айтылган.(IJz)

XS
SM
MD
LG