Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

14:00 Мамлекеттик катчы А.Мадумаров Ага Хан өнүгүү тармактарынын өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Н. Мавани менен жолугушту


Мамлекеттик катчы менен жолугушууга ошондой эле “Ага Хан академиясы” долбоорунун өкүлү Малик Лакхани, Ага Хан өнүгүү тармактарынын өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Нур Алиддин, Миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Айгүл Рыскулова катышты. Анда мамлекеттик катчы А. Мадумаров Ооганстанда жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин көтөрдү. Нуржехан Мавани айым, гуманитрдык жүктү жеткирүү каттамдарды тактап алууда адистердин кеңешин алуу зарылчылыгын айтты. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда, гуманитардык жүктөрдү жеткирүү каттамдарын түзүүгө эки тараптын адистери катыша тургандыгы жөнүндө чечим кабыл алынды. (MSu)

XS
SM
MD
LG