Жол кырсыгынан бир адам набыт болуп, он адам жаракат алды. ИИМдин басма сөз кызматы кабарлагандай, Чүй облусундагы Шамси капчыгайында 20-жаштагы айдоочу машинени башкара албай калып, унаа көлмөгө түшүп кеткен. Натыйжада айдоочу оорукканага жеткирилип, жанында отурган 19-жаштагы кыз ошол жерден мерт кеткен. (ZMa)