Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

УЛУГБЕК ОРМОНОВ: СЫРТТАН КЕЛИП ОТУРУКТАШУУДАН КӨП КЫЙЫНЧЫЛЫК ЧЫГАТ


Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов өкмөт ички миграция боюнча программа иштеп чыгып, жаштарды жумуш менен камсыз кылбаса жакын арада өлкөдө жумушка жарамдуу адамдар калбай калат деген кооптонуусун кабарчыбыз Аманбек Дилденбай менен болгон маегинде билдирди. Анын пикиринде Баткен, Ош облустарындагы ээн калган жерлерге кошуна мамлекеттин жарандарынын келип отурукташа баштаганы барып келип чоң проблемаларды жаратышы мүмкүн.

-Улугбек мырза, жакында сиз Россиянын Сибирь,Урал аймактарындагы шаарларга барып, кыргыз эмгек мигранттары менен жолугуп келиптирсиз. Мына ошол жердеги мекендештердин массалык түрдө орус жарандыгын алып жатканынын себептери эмнеде?

- Биринчи себеби, Россия өкмөтүнүн ноябрь айындагы 1-апрелден баштап чет элдик жарандар базарларда иштебейт деген 683-токтомунун негизинде биздин жарандарга оорчулук болуп калган. Анткени биздин жарандардын дээрлик бардыгы базарларда соода-сатык менен алектенишет экен.Соодада иштеген биздин жарандардын 90 пайызы Россиянын жарандыгын алып жатышыптыр.

- Кыргызстандагы эмгекке жарамдуу атуулдардын тышка чыгып кетиши, ички эмгек рыногуна кандай таасир тийгизет?

- Эгерде ушундай темп улана берсе, албетте, биздин ички эмгек рыногубузга терс таасирин тийгизет. Мындай көрүнүштү токтотуу үчүн биз өзүбүздүн жарандарды жумуш менен камсыз кылышыбыз керек. Аларды өз жерибизде алып калышыбыз керек. Бул боюнча өкмөт өзүнчө программа иштеп чыгып, аны ишке ашыруусу зарыл. Мен премьер-министрге жолугуп бул маселени көтөрөйүн деп атам. Мен Россиядагы күчкө толгон жаштарды көрүп алып жүрөгүм ооруду. Эгерде биздин жумушка жарамдуу алдуу-күчтүү кыз-уландарыбыз чет жактарга кетип атса, эртең биз ким менен калабыз. Бул абдан көйгөйлүү маселе. Бул жөнүндө терең ойлонуп, проблемаларды чечишибиз керек.

- Түштүк аймакта жергиликтүү жарандар Россияга кетишип, алардын турак жайларын, ээн калган жерлерин кошуна мамлекеттин жарандары алып атат деген маалымат бар. Бул маселеге кандай баа бересиз?

- Сиздин сурооңузга кошумча маалымат. Биз алты шаарда, мурда Москва, Санкт-петербург, Астана жалпысынан он шаарды кыдырып келдим. Мына ошол жактагы эмгек мигранттарынын 90 пайызы түштүктөн болуп атат. Бул биздин мамлекет башчыларыбыз үчүн “сигнал” болушу керек. Биздин мамлекетибиздин кайсы бөлүгүндө жашоо оор, жумушсуздук күч дегенге чоң маалымат. Мен Россиядагы жердештер менен болгон жолугушууларымда Баткенде тажик туугандар үйлөрдү ээлеп, чегара жылып келатканын, Ошто жайкы талаа жумуштарында жалаң өзбектер иштеп жатышат, жергиликтүү жаштар жок деп айттым. Биз ал жакка чыгып кетсек, Тажикстан менен Өзбекстандан бул жакка келип жатат. Чегара жаатындагы элдерибиздин абалы, ал жерде жумуш менен камсыз кылуу мамлекетибиздин биринчи маселеси болушу керек.

- Кытай эл республикасынын жарандары Кыргызстандын аймагында эки жыл аралыгында абдан көбөйүп кетти деген маалыматтар бар. Калкы абдан көп кошуна өлкө менен эмгек миграциясы боюнча биздин мамлекет туура саясат жүргүзүп жатабы?

- Мен кечээ жумушка келип эле ушул маселелер боюнча аракет кылып, көңүл бура баштадым. Жогорку Кеңеш чет элдик жарандарга квота берүү маселесин эки эсе кыскарткан. Бирок бүгүнкү күндө былтыркы улуксат алгандардын бирөөсү да Кыргызстандан чыгарылгандыгы тууралуу маалымат жок. Көрсө биздин миграция комитети квотаны азайтып берип жатканы менен ОПВР, Тышкы иштер министрлиги тигилердин мөөнөтүн узартып коюшкандыктан, алар Кыргызстандагы чет элдиктердин санын көбөйтүп жатат. Ушул маселе боюнча тиешелүү министрликтерге кат жолдогону жатам. Кытай эл республикасы менен эмгек мигранттары тууралуу маселе бир жактуу. Биздин эмнек мигранттары Россияга кетип жаткан сыяктуу, алар бул жакка келип жатышат. Бул маселени да кайра карап чыгышыбыз керек.

-Улугбек мырза, Казакстандагы кыргыз жарандарынын укуктары тебеленип жатат деген маалыматтар бар. Буга мисал, Чүй темир жол бекетиндеги казак чегарачы, бажычылар кыргыз атуулдарынын жүктөрүн,акчаларын күч менен алып койгон фактылар айтылууда. Ушул багытта казак бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алдыңыздарбы?

- Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов менен Астанага барганда казак өкмөт башчысы менен жолугушканда, казак парламентинде бул маселени кабыргасынан койдук. Казакстандын премьер-министри Масимов бул маселени жеке көзөмөлдүккө алам, жообун берем деп жазып да алган. Биз ал сапардан келгенден кийин биздин Ички иштер министрлигине, Тышкы иштер министрлигине, темир жол башкармалыгына протоколдук тапшырма берилип кат жолдогом. Казакстан менен келишим түзүп биздин милиция кызматкерлери кыргыз жарандарын узатууга макулдук берүүсүн чечүү маселесин койгом. Күздө бул маселе чечлип калат деген ойдомун.

-Кыргызстанда көйгөйлүү болуп келаткан эмгек миграциясына байланыштуу маселени оңдуу чечүү боюнча өкмөткө Жогорку Кеңеш кандай сунуштарды киргизет?

- Мен Россиядагы он шаарды кыдырып келгенден кийин мындай пикирге келдим. Биринчи орунда биздин экономикабыз көтөрүлүшү үчүн жумушчу орундарды түзүп, түштүктөгү цемент заводун, Таш көмүрдөгү жер семирткичтерди чыгаруучу завод, өзгөчө Баткенге көңүл буруп, ал жакта завод-фабрикаларды курушубуз керек. Бюджетке ушуларды киргизүү зарыл. Өзгөчө чегара аймактарындагы элге кандайча жеңилдиктерди берүү маселесин өкмөт менен сүйлөшүп, оңдуу чечкенге аракет кылабыз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG