Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Шигео Катцу менен болгон жолугушууда премьер-министр А. Атамбаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформаларга Дүйнөлүк банк колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Дүйнөлүк банктын жардамы менен Кыргызстанда каржы жана банк системасын, мамлекеттик башкарууну, айыл чарба тармагын, кичи жана орто ишкердүүлүктү реформалоого багытталган ири долбоорлор иш алып барууда. А. Атамбаевдин айтусунда, Дүйнөлүк банк тарабынан Кыргызстанга жалпысынан 776млн доллар өлчөмүндө каржылык , ал эми 58млн доллар өлчөмүндө техникалык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми Шигео Катцу Кыргызстанда макроэкономикалык гана эмес, саясый туруктуулук да сакталып жатканын белгиледи. Шиего Катцу Дүйнөлүк банктын Кыргызстан менен кызматташуусун мындан ары да өркүндөтүү демилгесин ырастады. (MSu)