Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

11:00 Т. Бакир уулу: Айрым бейөкмөт уюмдарынын лидерлери менин ордума келүүнү каалайт


19-июлда Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу билдирүү тараткан эле. “Бейөкмөт уюмдар же башка бир мамлекеттик орган менин ишмердүүлүгүмө баа бере албайт. Жогорку кеңеште гана жыл сайын менин ишимдин жыйынтыгы жарыяланат” деп айтылат билдирүүдө. 10-июнда Бишкекте бейөкмөт уюмдардын жалпы улуттук форуму өткөн эле. Анда Акыйкатчынын иши начар деп бааланган. “Акыйкатчыны алмаштыруу керек деген маселени “Кел-кел” жаштар кыймылынын мурдагы лидери Алишер Мамасалиев жана бейөкмөт уюмдарынын биринде иштеген Динара Ошурахунова жакында эле Өзбекстандан кайтып келгенден кийин көтөрүп чыгышты. Бейөкмөт уюмдардын лидерлери чет өлкөлүк атайын кызматтардын жарчысы болбошу керек” деп айтылат Акыйкатчы тараткан билдирүүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG