“Турсунбай Бакир уулунун айрым массалык маалымат каражаттарына тараткан билдирүүсүндө айрым бейөкмөт уюмдарынын лидерлерин тыңчы деп айыпташы жалган жалаа жана чагым”, - дейт Алишер Мамасалиев. 19-июлда Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу билдирүү тараткан эле. Анда “Кел-кел” жаштар кыймылынын мурдагы лидери Алишер Мамасалиев жана бейөкмөт уюмдарынын биринде иштеген Динара Ошурахунова Өзбекстандан кайтып келгенден кийин Акыйкатчыны алмаштыруу тууралуу маселе көтөрүп чыгышты. Бейөкмөт уюмдардын лидерлери чет өлкөлүк атайын кызматтардын жарчысы болбошу керек” деп айтылат. А. Мамасалиев бул билдирүүнү четке кагып, Акыйкатчынын ишмердүүлүгүнө жеке дооматы жок экендигин, бирок акыйкатчыны жоопко тарта тургандыгын кошумчалады. “Мен өзүмдүн ар-намысымды сотто коргойм жана Турсунбай Бакир уулун сотко берем”,-деди А. Мамасалиев. (ZMa)