Эртең Түркияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт. Бирок Кыргызстанда жашап, иштеген түрк жарандары шайлоого катшыпайт. Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү "Азаттыкка" билдиргендей, Түркиянын Баш мыйзамы боюнча шайлоого Түркияда жашаган гана жарандар катыша алат, ал эми чет жактагы түрк жарандарынын шайлоого катышууга укугу жок.
Айрым талдоочулар 22-июлга белгиленген парламенттик шайлоо Түркиядагы курч саясый абалды жөнгө сала алат деген пикирде. Түркияда саясый кризис апрель айында башталган. Анда оппозициянын өкүлдөрү президенттик шайлоону үзгүлтүккө учураткан. Учурдагы парламенттин курамынын иштөө мөөнөтү ноябрь айында аяктамак. (MSu)