Европага учак каттамдарын уюштурууга тыюу салынган авиакомпаниялардын тизмесин Европа комиссиясы төртүнчү жолу жарыялады. Бул тууралуу Еврокомиссиянын Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандагы өкүлчүлүгү кабарлады. Алар тараткан билдирүүдө айтылгандай, Кыргызстандын авиакомпаниялары мурдагыдай эле “кара тизмеде” кала бермекчи. 2006-жылы Евробиримдик тарабынан Кыргызстанда катталган 27 авиакомпанияга Европанын жыйырма беш өлкөсүнө аба каттамдарды уюштурууга тыюу салынган. Мындай чечим “кара тизмеге” кирген компаниялар коопсуздук боюнча талаптарга жооп бербеген шарттарда иштейт деген негизде чыгарылган. (ZMa)