ОШ. 20-июлдун кечинде Кушбак Тезекбаевдин Өзгөн жана Карасуу районунан чогулган 60тан ашык жактоочусу Ош-Бишкек жолун Карасуу районундагы Карадөбө кыштагынын тушунан жабууга аракеттеништи. Алар Кушбак Тезекбаевди бошотууну жана анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү, тергөө ишин Ош облусунда жүргүзүүнү талап кылышты. Бирок жергиликтүү бийлик менен аксакалдардын жана укук коргоо уюмдарынын түшүндүрүү иштеринин натыйжасында жол тосуу аракети ишке ашкан жок. 21-июлда алар менен Отузадыр айыл өкмөтүндө Карасуу районунун акими менен укук коргоо уюмдарынын башчылары жолугушту. Анда Тезекбаевдин жактоочулары өз кайрылууларына жооп алууну 23-июлга дейре чечимине келишти. Ош облгубернаторунун биринчи орунбасары кызматында иштеп турган Кушбак Тезекбаев 5 берене боюнча кылмыш иши козголгонуна байланыштуу 19-июлда Бишкек шаарында камакка алынган. (YA)