НАРЫН. Жер титирөөдөн жапа чеккен Кочкор районунун айрым тургундары буга чейин бузулган үйлөрү үчүн өкмөттөн тиешелүү жардамдарын ала алышпай, нааразылык чараларына чыгып жатышкан. Таптакыр акчалай жардам албаган 173 үй-бүлөнүн айрымдарына ушул жумада кочкорлуктар кезектеги пикетке чыккан соң акча, сертификаттарды таратып бере башташкан. Бирок эл кайра-кайра келген комиссиялар бузулган үйлөргө ар башка даражаларды берип, ага жараша бөлүнгөн аз акчага нааразы болушууда. Жергиликтүү бийлик эч нерсе чече албайт деген таризде алар жогорку бийликтегилерге жолугуу үчүн кетишкен. (JI)