Бишкекте өтчү илимий-практикалык конференцияга Азербайжандын саясый жана коомдук ишмерлери, түрк тилдүү өлкөлөрдүн бир катар өкүлдөрү катышат. Жыйында Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын президенттери жана Түркиянын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Ататүрк жөнүндө докладдар окулат. Конференциянын алкагында Азербайжандын президент администрациясынын коомдук-саясый бөлүмүнүн жетекчиси Гафар Алиевдин «Заманбап Азербайжандын негиздөөчүсү» аттуу китебинин бет ачаар аземи болушу күтүлүүдө. (ZMa)
8:51 Бүгүн 20-кылымдын түрк тилдүү мамлекеттерин өнүктүрүүдө саясый лидерлердин ролуна арналган жыйын өтөт