Бул тууралуу “Азаттыкка” мамлекеттик сырды сатты деп шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан парламент кызматкери Жыпаргүл Арыкованын адвокаты Айжан Касымалиева билдирди. Анын айтымында депутаттар Азимбек Бекназаров, Мелис Эшимканов, Тайырбек Сарпашев, Өмүрбек Бабанов жана Рахатбек Ирсалиев кепилдик сурап, сотко кайрылууга даяр. “Эгерде бул ишке ашса, мен Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү арызы менен Бишкек Шаардык сотко кайрылам”,-деди Айжан Касымалиева. Анын айтымында, Ж. Арыкованын онкологиялык оорусу күчөп, саламаттыгы начар. Бүгүн адвокат президент Бакиевге Арыкованын ишин акыйкат кароо өтүнүчү менен кайрылуу жолдойт. (ZMa)
8:55 Бүгүн беш депутат Жыпаргүл Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча кепилдик сурашы күтүлүүдө