Кечээ өткөн шайлоодо башкаруучу Адилеттик жана өнүгүү партиясы үчүн шайлоочулардын 46,3 пайызы добуш бергени бюллетендердин дээрлик жүз пайызы эсептелгенден кийин маалым болду. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган башындагы партия беш жүз элүү орундуу парламентте 339 орунга ээ болот. Он пайыздык чекти эки гана партия өттү. Жыйырма бир пайыз добуш алган секуляристтик Республикалык элдик партиясына парламентте 112 орун, он төрт пайыз добуш алган Улуттук аракет партиясына 71 орун тийет.