Ак партиянын жол башчысы жана өкмөт жетекчиси Режеп Тайып Эрдоган реформаларды улантууга жана өлкөнү заманбап демократиялык түзүлүшкө өткөрүүгө сөз берди. Ак партия добуштардын 46 пайызын алды. Премьер-министр ошондой эле Түркиянын Европа Союзуна кириши үчүн аракетин улантууга убада кылды.