Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

8:52 Жыпаргүл Арыкованын адвокаты бүгүн беш депутат менен жолугат


Адвокат Айжан Касымалиеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, депутаттар Азимбек Бекназаров, Мелис Эшимканов, Тайырбек Сарпашев, Өмүрбек Бабанов жана Рахатбек Ирсалиев кепилдик сурап, сотко кайрылууга даяр. Депутат Бекназаров буга чейин Ысыккөлдө болгондуктан, кечээ адвокат менен жолугушуусу болбой калып, документке кол коюлган эмес. “Бүгүн кол коюлса эле мен Ж. Арыкованын баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү менен Бишкек Шаардык сотуна кайрылам”,-деди Айжан Касымалиева. Арыкованын апасы Тамара Кыязова кызы менен мындан эки жума мурда жолукканын, анын саламаттыгы өтө оор абалда болгонун бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Ж. Арыкова мамлекеттик сырды сатты деп шектелип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жатат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG