Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:22

ТАЗАНЫ ЫЛАЙЛАГАНДАР


Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына таянсак, бардык оорулардын 80 пайыздан ашууну сапатсыз сууну колдонуудан келип чыгат, Кыргызстандын айыл жерлерин таза суу менен камсыз кылуу 90-жылдын 1-январына карата 72 пайызды түзсө, андан туура он жыл өткөндөн кийин 20 пайызга төмөндөп кеткен, деп жазган «Кыргыз туусу» гезити таза суу программасына жамынган коррупция күчөгөнүн, бир кызыгы тендерди утуп алышкан компаниялардын айрымдарынын курулуш техникасы, иш кеңсеси, алтургай телефондорунун жок экендигин, маселен Аксы аймагына таза суу чыгармакчы болуп тендер утуп алган киши өзү майыптыгынан араң жүргөнүн, жанында котормочусунан башка эчтекеси жок кытай жараны болуп чыкканын… айтор таза суу долбоору аркылуу миллиондогон сомдордун кантип канталамайга учурап келетканын «Таза суу долбоорун ылайлаган кимдер?» аттуу макаласында сөз кылды. Гезит авторлорунун бири Байас Турал болсо «Ортодо курулар ордо шаар тууралуу ой» деген макаласында Бишкекти Ош шаарына которуу оюн ортого салган. Анын пикринде мындай кадам канчалык тез ишке ашса түштүк чегаралары ошончолук тез чыңдалат, эл-жердин бүтүндүгү бекем сакталат. Ушул эле гезит, «Жайдын келиши менен жергебизде жарык көрүп келаткан кыргыз тилдүү менчик басылмалардын дээрлик бардыгы каникулга кеткендиги ырас. Бул фактыны «Азаттык» радиосу көбүртүп-жабыртып «Республикадагы кыргыз тилинде басылган гезит-журналадардын бардыгы каникулга кетти. Эми окурмандардын маалыматка болгон муктаждыгы кандай болот» деп кайра-кайра радидон чуулдатканы таң калтырбай койбойт» деп жазды. Гезит редакциясына айта кетели, биринчиден, кыргыз гезиттеринин көпчүлүгү, болгондо да нускасы көбү, окурмандар талашып окугандары эс алууга кеткени чындык. Бул тууралуу угармандарына учурунда кабарлаганы үчүн «Азаттык» үналгысынын айыбы да, маалыматынын кымындай апыртмасы да жок. Экинчиден, «Азаттык» үналгысы үчүн тигил же бул басылманын өзү эмес, алар жарыялаган макалалар маанилүү. Ошондуктан республикадагы жарык көрүп келаткан бардык басылмалардан, анын ичинен «Кыргыз туусу» менен «Эркин тоо» гезиттеринен сөзсүз эле баяндама берип турууга аталган үналгы милдеттүү эмес. Буга байланыштуу кесиптештерибизди жөндөн жөн эле курдоомат артып, өз окурмандарын да, «Азаттыктын» угармандарын да жалакор маалымат менен адаштыра бербесе деген каалообузду айта кетмекчибиз.

Өнөр жай таштандыларынан кантип курулуш материалдарын алса болот? Орус экологдору уулуу зат калдыктары сакталган жайлардын маселесин чечүү боюнча сунуштарын берүүдө, деп жазган «Комсомольская правда Кыргызстан» гезити, Орусиянын Свердлов обулусунан атайын эколгодордун тобу келгенин, аларды айрыкча Ысык_Көлгө агып кирген сууларды тазалоо кызыктырып жатканын, көлдүн түштүк тарабында уулуу заттар көмүлгөн жай барын, орус экологодору дал ушул жайдын жанына өнөржай таштандыларын кайра иштетүүчү ишкана куруу менен көлгө уулуу заттардын агып кирүү проблемасын чечсе болорун, деги эле бүгүнкү күндө өзөн-сайлар менен агын сууларды тазалоо Борбор Азия эле эмес бүтүндөй Жер шарында чоң проблемага айлаганганын баяндады.

«Кыргызстан-жалпыбыздын үйүбүз». Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө!»… Тилекке каршы акаев режими мына ушунтип ураан чакыртып, бирок баарын теңирден тескери жасап келген. Кадр маселесинде ойлоно турган олуттуу маселелер азыр да толтура. Кадр тандоодогу алешемдиктен арылуу үчүн Бакиев менен Атамбаев маселени сөз аркылуу эмес иш менен чечүүгө тийиш. Студенттердин арасында социолгоиялык иликтөө жүргүзгөндө билимдүү деген жаштардын көбү өз келечегин Кыргызстан менен байланыштыргысы келбегенин билдиришкен. Бул өтө опурталдуу көрүнүш. Жаңы бийлик бул багытта конкреттүү кадамдарды жасабаса эртең кеч болуп калары бышык. Убакыт деген шуулдап өтүп жатат, маанисиз сөздөр, жалган убадалар да туш келди айтыла берип түгөндү, деп белгилеген «МСН» гезити… албетте, К.Бакиевдин бийликтеги эки жылын ар ким ар кандай түшүндүрсө болорун, бирок кандай болгон күндө да акырындап кыргызстандыктар күткөн оң жылыштар байкала баштаганын, адамдарда үмүт шооласы пайда болгонун көрбөй койууга болбойт деп жазды.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG