Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:44

12:40 “Кыргызфильм” келерки жылдагы иш планын өкмөткө сунуштайт


Долбоордо белгилүү кинорежиссер Болот Шамшиевдин “Сынган кылыч”, Замир Эралиевдин “Курманбек”, Бакыт Карагуловдун “Бүкүрдү кантип үйлөнтөбүз?” жана башка тогуз толук метраждуу тасма, беш кыска метраждуу фильм, эки даректүүу тасма, үч мультипликациялык фильм тартуу пландаштырылып, жалпысынан 400 млн. сомго жакын каражат жумшалары көрсөтүлгөн. “Быйыл февралда президент К.Бакиев кыргыз киносун өнүктүрүүгө 120 млн. сом бөлүнөрүн убада кылган. Азырынча ал каражаттын чети да көрүнө элек. Мамлекет кино өнөрүн өркүндөтүүнү колго алат деген ишенимдебиз”,-деп билдирди Улуттук киноконцерндин президенти Замир Эралиев бүгүн маалымат жыйынында. (AJ)

XS
SM
MD
LG