Россия менен конфедерация түзүү демилгеси “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронттун экинчи ирет өткөргөн элдик жыйынында көтөрүлгөн. Ошондой эле апрель митингисинен кийин аталган фронттун Байтиктеги кеңсээсине жаштардын, улуу муундардын өкүлдөрү келип, Россия менен союз түзүүнү сунуштаган. Ошонун негизинде бириккен фронт бул демилгени колдоп чыкты, деп билдирди “Арнамыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова “Азаттыкка”. Анын айтымында, Россия менен союз түзүү демилгесин буга чейин эле парламент депутаты Мурат Жураев көтөрүп чыккан. (AJ)