Мындай чечим өкмөттүн бүгүнкү кеңешмесинде кабыл алынды. Отурумда өкмөттүк комиссиянын башчысы Александар Астионов авиакырсыктын себептери боюнча маалымат берип, учактын оң канаттагы кыймылдаткычын Ташкенттеги «Мотор Ciч» компаниясынын адистерине текшертип, кырсыктын себептери тууралуу толук жыйынтык чыгарышарын билдирди. 23-июнда ЯК-40 учагы Нарын шаарын көздөй баратып, эки мотору иштебей калып, конууга аргасыз болгон. Андан экипаждын 5 мүчөсү жана 9 жүргүнчү өз алдынча чыккандан көп өтпөй учак толугу менен күйүп кеткен. Учакта эл аралык «Манас» аба майданынын президенти Бактыбек Сыдыков баштаган топ, аэропорттордун абалы менен таанышуу максатында Бишкек-Тамчы-Нарын-Казарман-Бишкек багыты боюнча баратышкан. (AJ)