Карасуу районун акими Токтосун Барманов, Отузадыр айыл өкмөтүнүн башчысы Шаршенбек Базыбай улуу Ош губернаторунун биринчи орунбасары Кушбак Тезекбаевди токтоосуз бошотуу тууралуу жердештеринин талабын көтөрүп, мамлекеттик катчы Адахан Мадумаровго кирип чыгышты. Райондук акимдин маалымдаганына караганда, мамлекеттик катчы “күткүлө, буюрса бардыгы жакшы болот” деп үмүт байлаткан. Айтмакчы, кечээ кеч курун Кушбак Тезекбаевдин 24 тарапкери Карасуу районуна караштуу Карадөбө айылында Ош-Бишкек автожолун тосуп, милиция кызматкерлерин укпай, атүгүл Карасуу райондук ички иштер бөлүм башчысынын орунбасары Байтик Бабатаевге кол көтөрүп, кийим-кечесин жулмалашкан. Коомдук тартипти жана жол эрежесин бузган он киши кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген. Ошондон кийин гана эл тараган. Соңку саатта Карасуу райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында сот жараяны жүрүп, кечээ кармалган 10 адамдын үчөө 10 күнгө камалып, калганына 200-300 сомдон административдик айып салынды. Милиция башчысынын орунбасарына кол көтөргөн жарандын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалы башталды. (AT)