Түштүк кореялык 23 кишини барымтага алган талиптердин ультиматумунун мөөнөтү бүгүн кечинде аяктайт. Ал арада талиптердин өкүлү Юсуф Ахмади Франс Пресс агенттигине барымтадагы Германиянын жаранынын ден-соолугу начар абалда жана эс учун жоготуп коюп жатат деп билдирди. Эки немис талиптер тарабынан 18 июлда барымтага алынып, алардын биринин өлүгү 22-июлда табылган.