Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

МЕНЧИКТӨӨ КЕЗЕГИ: ЭМКИСИ БАЙЛАНЫШ МЕНЕН ЭНЕРГЕТИКА


Парламент мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасынын 3-кезеги натыйжасыз аяктаганын ырастап, бул маселеге күзгү отурумунда кенен-кесир кайрыла тургандыгын билдирген. Мамлекеттик мүлктүн арзанбаада жеке колго өтүп кеткенине нааразы болгон калктын көпчүлүгү менчиктөөнүн мыйзам негизинде калыс өтөрүнө ишенбей калган. Быйылкы жылы мамлекет ээлигинен ажыратылчу байланыш, энергетика тармагындагы ири ишканалардын айланасында чоң талаш-тартыштардын болорун адистер азыртан эле болжолдошууда.

Антип божомол курушка «Камбарата» электрстанцияларынын курулушун Токтогул катарындагы ГЭСтердин өзгөчө укугунан чыгаруу аракетинин парламентте узакка талаш чакырганы деле негиз бере алат. Ушу азыр да талаштуу маселе так аныктала элек. Биртоп депутаттар жаңы мыйзам Жогорку Кеңеш регламентин бузуу менен кабыл алынганын ырастап, Конституциялык сотко кайрыла турушкандыктарын билдиришкен.

2006-2007-жылкы менчиктештирүү программасына ылайык «Кыргызтелеком» ага кошулуп энергетикалык бөлүштүрүү компанияларынын эң ириси -«Түндүкэлектр» акционердик коомунун тагдыры аныкталмакчы. Өкмөт аны жеке колго сатарын же башкарууну ишенимдүү колго бериш-бербешин азырынча аныктай элек. Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасы Алмазбек Иманалиевдин айтуусунда, 1-июлга карата менчиктештирүүнүн жалпы деңгээли 72,4% чыкты.

- Же болбосо бул 7228 объект менчиктештирилгенин билдирет. Экономикалык тармактар боюнча айтсак, өнөр жай 88%, курулуш дээрлик 60%, транспорт 61%, соода, коомдук тамактануу жайлары 98%, турмуш-тиричилик жагынан тейлөө 100% менчиктештирилди.

А.Иманалиев «Айылбанкын» менчиктештирүү концепциясы иштелип чыкканын, депутаттар жайкы эс алуудан келгенден кийин парламент кароосуна коюларын маалымдады. Ал эми «Кыргызтелеком» акционердик коомунун мамлекетке тийиштүү акцияларын сатууга коюуга парламенттен уруксат алуу убаракерчилиги жок. А.Иманалиевдин маалымдашынча, байланыш тармагындагы ири ишкананын нарк-баасы аныкталууда.

- «Кыргызтелекомдун» акциялар пакети боюнча бүт чечимдер, уруксаты бар. Жогорку Кеңештин, өкмөттүн чечимдери бар. Биз баасын бүтүрөр менен эле аны тендерге алып чыгабыз.

«Кыргызтелекомго» толук ээ кылууга мүмкүндүк берчү акциялардын контролдук 51% Маммүлк кору мурда да сатыкка койгон. Маммүлктүн Стратегиялык ишканаларды менчиктештирүү башкармалыгын жетекчиси Абдрашит Муканбетовдун айтуусунда, конкурстук комиссия ишти аягына чыгарган эмес.

- Мына азыр өкмөт мурдагыдай акциялардын 51% эмес, болгон 77% толугу менен сатыкка коюу тууралуу чечим кабыл алган. Ушунун үстүндө азыр комиссия иштеп жатат.

Экинчи ирет сатыкка коюлчу «Кыргызтелекомдун» акцияларын алууга Казакстан ишкерлери өзгөчө кызыкдар экенин А.Иманалиев кошумчалай кетти.

Энергетика тармагын менчиктештирүү боюнча алгачкы сыноо долбоору «Түндүкэлектр» акционердик коомунан башталганы туру. Азырынча аны концессияга берүү, башкарууну ишенимдүү колго берүү же акцияларды сатып ийүү маселеси так чечиле электигин мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин жетекчиси ырастады.

- Бул боюнча шарты мындай: адегенде комиссия түзүшүбүз керек. Ошонун баасын биз адегенде аныктап алганыбыз оң.

«Түндүкэлектр» акционердик коомунун жетекчиси Шамил Осмонов калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылып туруу үчүн компаниянын каржылык чама-чагы чектелүү экенин, жалгыз Бишкектеги жабдууларды оңдоого эле оңбогондой көп акча сарп кылынарын айтты.

- 229 миллион доллар сарп кылыныш керек экен. Бул өтө чоң сумма. Мындай чоң каражатты биздин коомдун өзү иштеп тапканга мүмкүнчүлүгү жок.

Быйылкы жылдын жарым жылында менчиктештирүүнүн эсебинен мамлекет казынасына 159 миллион сом түштү. Кыйладан бери мамлекеттик мүлктүн баасын кайра карап чыгуу, итбекер арзанга кеткен ишканалардан алынбай калган пайданын эсесин кайтарып алуу талабы коюлуп келатат. Бирок ал азырынча ишке аша элек.

XS
SM
MD
LG