Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:55

8:35 Августта Орусиянын бардык шаарларында Элдик эсепке акча чогултуу үчүн марафон өткөрүлөт


Тышкы карызды жоюу үчүн түзүлгөн элдик эсепке акча которуу максатында Орусиядагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү марафон өткөрүү демилгесин көтөрүп чыкты. Буга чейин Самара шаарындагы кыргыз диаспорасы менен кыргыз элине көмөк көрсөтүүнү көздөгөн «Манас ата» фонду «Кыргызстандын тагдырына кайдыгер эмеспиз!» деген аталыштагы марафон өткөрүп, андан жалпысынан 130 миң сом чогултулган эле. “Замандаш” ассоциациясынын жетекчиси Жума Абдуллаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, август айынын башында Москвада жана Орусиянын башка шаарларында ушул өңдүү марафондор өткөрүлөт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG