«Алиби» гезити эл арасында уу-дуу кеп жаратып жаткан Манастын Кароол Чокусунун казылып атканына кандай ойдосуз деген суроо менен кайрылганда академик А. Эркебаев, мударис К. Исаев, журналист Ж. Жанызак, тоо-кен адиси О. Дүйшеев, «Мөңгү» фондунун президенти Ү. Кабылбеков калк кадырлап, ыйык туткан жерди казууга, ата-бабалардын келечек муундарга калтырган дөөлөттөрүн пайда табууга айырбаштап, көр дүйнө менен алмаштыра берүүгө каршы экендиктерин билдиришкен.
Ал эми так ушул маселе боюнча Таласка барып келген белгилүү укук коргоочу Т.Тургуналиев мырза адегенде «алтын издеп» жаткандарга катуу тийгенин, бирок алар алтын эмес, ата-бабалардан калган алтын, күмүш жана башка баалуу археологиялык буюм издеп жатабыз дегенден кийин ынанып калганын айтса, Кыргызстандын бир катар атуулдары президент К.Бакиевге, премьер-министр А.Атамбаевге, ЖК депутаттары менен Кыргызстандын элине Кароол Чокуну казууга каршы турууга, бүгүн Манастын ыйык чокусу жок болсо, эртең Ысык-Көл, Соң Көл, Чатыр Көл, Сары Челек, Сулайман тоо ж.б. жок болорун, алтын казуунун артында Акүй аткаминерлери А.Мадумаров, Ч.Абыкеев турат деген имиштер барын, бүгүн Түндүк-Түштүк эмес, Кыргыз деп ураан чакыруу кези келгенин, чакырыкка бардык жарандарды кошулууга чакырган Кайрылуу менен чыгышты.
Ушул эле гезит, Кытай өлкөсүнүн пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен күнөөлөнүп, бир айдан бери абакта олтурган Жыпар Арыкованын айланасындагы маселеге кайрылган. ЖК депутаты Ө.Текебаев ал жетектеген «Ата Мекен» партия мүчөлөрү Жыпардын үйүнө барып колдон келген жардамын берип атканын, КР президентинин алдындагы адам укугу боюнча комиссиянын эксперти А.Абдылдабекова Жыпар Арыковага жолугушуп чыккканын, шарты жаман эместигин, эч кандай кысым жасалбаганын, сурак берип атканын, онкологиялык оорусу болгондуктан баш коргоо чарасын өзгөртсө деген ниетин билдиргенин, өзүн кайраттуу кармаганын, бирок көздөрү жашка толуп турганын айткан.
Жыпардын апасы Тамара Кыязова, 37 жыл мугалим болуп иштеп пенсияга чыкканын, 2-топтогу майыптыгын, кызы үчүн Акүйдүн алдына барып асылып өлгүсү келип жатканын, атасы Турдубек Арыков, байлыгы да, бийлиги да жоктугун, болгону карапайым мугалимдигин, Үзөңгү Куушту, Сохту, Көлдү, кыргыздын алтынын сатып туйтунгандар чыккынчы болбой, айылдык бечара мугалимдин бир бөлмө үйдө тыгылып жашаган, болгону 1 телевизору, 1 диваны бар, аларын да кредитке алып кутула элек жалгыз бой кызы чыккынчы болобу, эгер ШКУ саммитинин алдында кызынын тагдырына балта чабам деп ойлогондор болсо жаңылышарын, ал кызы үчүн баарына барарын, Кыргызстанда акыйкат жок деп балдары үчүн өзүн өзү өрттөп өлгөн Сабиров аттуу адамдын тагдыры аны да күтүп турганын билдирген…
«Аргументы и факты в Кыргызстане» гезити Кыргызстанга Казакстан буудай берүүнү убактылуу токтотту деп кабарлады. Гезиттин жазганы боюнча буга дейре кымбаттаган тамак-аштын катарын эми нан толуктады. Орто эсеп менен анын баасы 1-1,5 сомго өстү. Мунун себебин Кыргызстандын Нан боюнча инспекциясынын эксперти Светлана Гуцал айым эки өлкөнүн ортосундагы буудай сатып алуу контрагынын кайрадан каралып жаткандыгы менен түшүндүрдү. Ушу кезде Казакстандын буудай кампаларынын баары жабык турат. Кыргызстандын компаниялары жыл башында Казакстандын 3-класстагы буудайынын 1 тоннасын 105 доллардан сатып алып келсе, бу кезде бир тоннасын -145 доллардан сатып алып келатканын, буудай баасы эми мындан ары дагы өсөрүн, ошол эле учурда Кыргызстанда буудай өндүрүү быйыл жылдагыдан 50 миң тоннага азайганын, бирок абалдан чыгуунун бир жолу барын, ал Казакстан биздин өлкөдөн жыл сайын көп сатып ала баштаган картошка экендигин жазып чыкты.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ