Караколдун тергөө абагында кармалгандардын укуктары тартип коргоо органдары, прокуратура кызматкерлери, сот тарабынан тебеленүүдө. Алардын арасында укук коргоо органдарынын кысымы алдында оор кылмыштар мойнуна тагылган жарандар кезигет. Сот трамагында, Жаза аткаруу башкармалыгында коррупция күч. Мындай дооматтар бүгүн президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын алдында түзүлгөн Кыйноо фактылары боюнча иликтөө жүргүзүүчү жумушчу топтун экинчи отурумунда айтылды. Маалыматка караганда Чолпонатадагы убактылуу кармоочу жайда кармалгандардын айрымдарын тартип коргоо кызматкерлери шаардагы курулуштарга, оор жумуштарга сатып жиберген фактылар да бар. Башкы прокуратуранын өкүлү укук коргоочулардын жогорудагы келтирген мисалдарын жеринде иликтеп, тиешелүү чара көрүлөрүн билдирди. (AJ)