Бул тууралуу Ооганстандын чыгышындагы Кунар провинциясынын губернатору Шализей Дидар маалымдады. Анын айтымында журналист жана анын ооган тилмечи Сангар кыштагындагы айрым адамдардын ортомчулугунан кийин бошотулган. Азырынча туткундардын бошотулганы тууралуу маалыматтар тактала элек.