Ушул жылдын башынан бери алты ай ичинде республика боюнча 337 миң жол эрежесин бузуу катталган. Жол кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу 26.8%га көбөйсө, мындан жабыркагандардын саны туура отуз пайызга жогорулаган. Ушул алты айдын ичинде эле 522 адам набыт болуп, эки жарым миңден ашуун адам оор жараат алган. Жол кырсыгы эң көп Бишкек шаарында жана Чүй, Ош, Жалалабад облустарында катталууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты. (ZMa)