Эки күнгө созула турган жыйында КМШга мүчө өлкөлөрдүн келишим долбоорун иштеп чыгуу боюнча эксперттик топ бир катар маселелерди карашы күтүлүүдө. Келишимде кылмыш жолу менен табылган акчаны адалдоо жана террорчулукту каржылоого бөгөт коюу, террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү сыяктуу маселелер каралган. Келишимдин долбоорун Орусия 2005-жылы сунуш кылган. 2006-жылы долбоорду Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан жактырган. Террорчулукка каршы иш-чараларды каржылоо үчүн жыл сайын КМШ өлкөлөрү акча бөлүп турушат. (ZMa)