Ошондуктан «Конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорго корутунду берүү маселеси кийинчерээк каралышы ыктымал. Конституциялык соттун судьяларынын эс алуусу 14-августка чейин созулмакчы. Бул тууралуу конституциялык соттун судьясы Асылбек Кененсариев билдирди.Өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев башында турган жумушчу топ иштеп чыккан долбоорго корутунду алуу үчүн парламент апрель айынын соңунда Конституциялык сотко кайрылган. Сот алты айдан ашык эмес убакта өз корутундусун берүүгө тийиш. (AiT)