Бул күндөрү “Жарандык коом коррупцияга каршы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова жана бир катар укук коргоочулар Каракол, Чолпонатадагы абакта отургандардын абалы менен жакындан таанышып жүрөт. Төлөйкан Исмаилованын баамында, өмүр бою абакка кесилген айыпкерлер үчүн атайын түрмө кураардан мурун сот системасындагы, жаза аткаруу башкармалыгындагы коррупцияны жоюу керек. (ZMa)