ОШ. “Кыргыздардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана эки тепкичтүү бюджетин ролу” аттуу теманын астында Ош шаарында окуу жүрүп жатат. Ага Кыргызстандын түштүгүндөгү райондордун жетекчилери катышууда. Мамлекеттик башчысынын администрация жетекчисинин орунбасары Айбек Алыбаев, президенттин алдындагы башкаруу академиясынын ректору Адылбек Султанбеков бүгүнкү иш чара административдик-территориалдык реформага туш келгендиги менен орчундуу экендигин баса белгилешти. Атайын окуунун катышуучулары түштүк жергесинде аткаминерлердин чала сабаттуулугуна, бийлик түзүмдөрүнүн ортосундагы алаканын бошоңдугуна, каржы булактарынын тартыштыгына, децентралдаштыруу жараянынын кашаңдыгына, инвестиция саясатынын башаламандыгына баса токтолушту. Ошондой эле семинарчылардын жалаң кыргыздар экенине карабастан окуунун көбүнчө орус тилинде жүргүзүлгөндүгүн, программадагы докладчы министрлер, баш прокурор, губернатор орунбасарлары жыйынга өзү катышпай ордуна кызматкерлерин жөнөтүшкөндүгүн кескин сындашты. Окуу эртең аяктайт. (AT)