Долбоорду эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыккан жана ал эл аралык кызматташуу боюнча Жапон агенттиги (JICA) тарабынан каржыланмакчы. Бул иш-аракеттердин алкагында майыптардын кем-карчы терең иликтенип, көйгөйлөрдү чечүүдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын чыгармачылыгын өстүрүп, билимин өркүндөтүп жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө шарт түзүп берүү каралган. (EBM)