Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:39

17:21 С. Жайчыбеков: Аксы окуясынын башында Аманбек Карыпкулов турган


Мындай пикирин Аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартбай Жайчыбеков “Азаттыкка” берген интрвьюсунда билдирди. Анын айтымында, Аксы окуясы болоордун алдындагы элдин ичиндеги толкундоолор тууралуу А. Карыпкуловдун өзүнө маалымат бергендер болгон.

-Министрлердин ар бир кадамы Карыпкуловдун көзөмөлүндө турган. С.Урманаевдин Аксыга барар-барбасын Карыпкулов чечкен. Демек, ошол жерде элдин толкундоосу Кырпкуловго керек болгон, деди Сартбай Жайчыбеков.

Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Аманбек Карыпкуловго Башкы прокуратура тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жаткан. Ал эми Аманбек Карыпкулов болсо бул иште эч кандай айыбы жок экендигин айтып келатат.
2002-жылы 17-18 мартта Аксыда куралсыз демонстранттарга ок атылып, беш адам каза болгон. Бул окуя боюнча саясый жоопкерчиликке эч ким тартылган эмес. (MSu)

XS
SM
MD
LG