Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

12:19 СПИДдин инфекциясын жугузуу фактысын Саламаттык сактоо министрлиги көчмө жыйында талкуулап жатат


Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Елена Баялинованын маалыматына караганда, адистер көчмө коллегиянын тыянагы боюнча гана окуяга баа бериши ыктымал. Окуяны учурда комиссия иликтеп жатат, ошондуктан, азырынча балдарга илдетти жугузуу фактысы боюнча так маалымат берүү мүмкүн эмес. Мындан эки күн мурда Ноокат райондук ооруканада балдарга СПИДдин ВИЧ инфекциясын жугузуу фактысы катталгандыгы маалымдалып, анын качан, кандай жагдайда болгондугу тууралуу такталган эмес. Бүгүн эртең менен президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов Башкы прокурорго аталган окуя боюнча күнөөлүүлөрдү таап, жоопко тартуу сунушун билдирген кат жолдоду. (BuS)

XS
SM
MD
LG