Президенттик администрациянын бүгүнкү жыйынында президент Бакиев кароосуз балдардын эсебин алып, жатак мектептерге жайгаштырууну, жалпы билим алууга шарт түзүүнү билим берүү, ички иштер жана эмгек, социалдык коргоо министрликтерине тапшырды. Аталган маселелерге мамлекеттик деңгээлде көңүл буруш керек деп эсептеди президент.(BuS)