Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:01

АФИША: ЖАҢЫРГАН ЖУМАНЫН МАДАНИЙ ОКУЯЛАРЫ


Ушул күндөрү Ысыккөлдө “Оймо-2007” эл аралык фестивалы жүрүп жатат. Иш-чара бүгүн Чоктал айылында өтүп, эртең Чолпоната шаарында уланат. Аталган фестивалга өлкөнүн баардык аймактарынын жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан, Түркмөнстан өлкөлөрүнүн чеберлери катышып, жасаган буюм-тайымдарын көрүүчүлөрдүн сынына эле койбостон, сатыкка да алып чыгышууда.

-Мен бул көргөзмөгө биринчи ирет катышып жатам. Мага аябай жакты. Негизинен жибек кездемелерге табигый боекторду колдонуп, түрдү буюмдарды жасайм. Бул жакка мына ошол иштеримди алып келдим- деди Самаркандан келген чебер Шойра Ганиева.

Фестивалдын жүрүшүндө фольклордук, эстрадалык концерттер тартууланып, Европадан келген эксперттердин катышуусунда Борбор Азиядагы кол өнөрчүлүккө арналган тегерек стөл уюштурулуп,
Ошондой эле туш кийизди тигүү, шырдак шыруу, боз үйдү жасоо сыяктуу жана кол өнөрчүлүктүн башка түрлөрү боюнча устаттык сабактар өткөрүлөт.

4-авустта Бөкөнбаев айылынын Манжылы Ата мазарында “Алгыр куштардын фестивалы” өтөт. Анын алкагында фольклордук концерттер өтүп, кийиз буюмдарынын жана “Таштар сүйлөйт” аттуу сүрөттөрдүн көргөзмөсү болот. Фестиваль эки күнгө созулат.

Ушул күндөрү Бишкектин кинотеатрларында “Шайтан араба” аттуу тасма жүрүп жатат. “Кылым муза” продюссердик борбору тарткан бул фильмде жалданма адам өлтүрүү, баңгилик жана башка ушул сыяктуу учурдун көйгөйлүү маселелери камтылган. Бул көркөм тасма 6-авустка чейин көрсөтүлөт. Андан соң Кыргызстандын аймактарынын тургундарына тартууланат.

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде жаш сүрөтчүлөрдүн живопись, графика, скульптура жана жасалга-колдонмо багытындагы чыгармаларынын көргөзмөсү жүрүп жатат. Ал эми Альхаят галереясында Жылдызбек Молдахматов, Мурат Бекжанов, Харис Сидиков, Флекман жана башка ушул сыяктуу бир катар сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен турган көргөзмө өтүүдө. Анда кыл калем чеберлеринин май боектор менен тартылган сүрөттөрү коюлган.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG