Алардын тогузу жаш балдар, экөө медициналык кызматкер. Бул тууралуу бүгүн Ош шаарында өткөн саламаттык сактоо министрлигинин көчмө коллегиясында маалымдалды. Бул окуяга байланыштуу коллегия Ноокат аймактык оорукананын дарыгери Махамад Эгембердиевди, облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгери Төлөн Шайназаровду, облустук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Абдумалик Пархановду, кан куюу боюнча облустук борбордун башкы дарыгери Шүкүр Камаловду кызматынан алып, облустагы бириккен аймактык оорукананын башкы дарыгери Токтомамат Абымомунов менен облустук СПИД борборунун башкы дарыгери Түгөлбай Мамаевге сөгүш жарыяланды. Министр Туйгунаалы Абдыраимовдун айтымында факт боюнча бардык материалдар тергөөгө өткөрүлүп берилди. (BuS)