Статистикалык маалымат боюнча Нарын облусунда инфекциялык оорулар эки эсе өскөн. Адистер анын себебин малдан адамга жуккан оорулардын көбөйүшү менен түшүндүрүүдө. Акыркы маалыматтар боюнча бруцеллез оорусу да облуста эки эсеге көбөйгөн. Нарын облусунда малдын саны бир миллионго жеткенине карабай, дубанда 60 гана мал доктур эмгектенишүүдө. Ал эми 2006-жылы облустук ветеринардык башкармалыгы жоюлуп, Ысыккөл облусуна кошулган. Ушуга байланыштуу Нарын облусунун көпчүлүк айыл өкмөт башчылары облустук ветеринардык башкармалыкты кайрадан ачуу меселеси менен тиешелүү жогорку бийликтегилерге кайрылышууда. (JI)