Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаарында өткөн көчмө коллегиясында Ноокат районундагы эпидемиялык кырдаал талкууланды. Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам 11 кишиге кан куюу жана ийне аркылуу СПИД оорусу жуктурулган. Анын тогузу жаш бала, бирөө медициналык кызматкер. Адам тагдырына шалаака мамилеси үчүн Ноокат райондук ооруканасынын баш дарыгери Махамад Эгембердиев, Ош облустук балдар ооруканасынын баш дарыгери Төлөн Шайназаров, кан кую борборунун директору Шүкүр Камалов, облустун башкы санитары Абдымалик Парканов кызматынан алынды. Ош облустук ооруканалар бирикмесинин директору Токтомамат Абдымомуновго, СПИД борборунун баш дарыгери Түгөлбай Мамаевге сөгүш жарыяланды. Министр Туйгунаалы Абдыраимов Ноокаттагы эпидемиянын материалы толук бойдон тергөө органдарына өткөрүлүп берилгендигин маалымдады. (АТ)