Талибдердин өкүлү алар койгон талаптарды ооган бийликтери аткарбаган соң кечээ кечинде Сун Син аттуу түштүк кореялык жаран атылганын билдирди. Барымтачылар түрмөдөгү талибдерди бошотуу талабын коюушууда. Христиандык гуманитардык миссиянын 23 кызматкерин барымтага алган талибдер бир нече күн мурда алардын бирөөсүн өлтүрүшкөн эле. Ооган бийлигинин өкүлү барымтадагыларга байланышкан абалды жөнгө салуу үчүн бийликтегилерге кеминде эки күн керектигин билдирди.