Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:07

9:45 Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын түштүгүндөгү атамекенчилер менен жолугууда


30-июлда “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Ош калаасындагы партиянын активисттери менен жолугушту. Жолугушууда 2007-жылдын күзүндө Ош шаарында облусттук пленум өткөрүү маселеси козголду. Ошондой эле, анда Оштогу шаардык жана обулустук партия уюмдарын бекемдеп, бул үчүн Карасуу жана Өзгөн шаарларында партия кеңселерин ачуу максатталды. Өмүрбек Текебаев партия активдүү мүчөлөрүн №=36 Каракулжа чөлкөмүндөгү шайлоого жигердүү катышууга үндөдү. Текебаев бүгүн Жалалабаддагы атамекенчилер менен кездешет. Андан сон, өзүнүн Базар Коргондогу жана Ноокендеги шайлоочулары менен жолугушуп, өлкөдөгү экономикалык, социалдык абалды сөзгө алат. Бул тууралу партиянын басма сөз кызматы билдирет. (ElenK)

XS
SM
MD
LG