Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:27

10:20 Кыргызстанда “Дүйнө Туризм Сулуусу - 2008” сынагы өткөрүлүшү мүмкүн


30-июлда “Дүйнө Туризм Сулуусу ” эл аралык уюмунун президенти Джон Синх менен болгон жолугушууда мамкатчы Адахан Мадумаров мындай сунушун айтты. Мамкатчынын айтымында кийинки жылы, жүз жыйырма өлкөдөн катышчу “Дүйнө Түризм Сулуусу ” сынагын өткөрүү үчүн Ысыккөл ынгайлуу болмок. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул жолугушууда өлкөнүн туристтик секторун өнүктүрүү жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү. Ага туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турусбек Мамашев, “Витлайн” компаниясынын президенти Виталина Борзенко жана “Дүйнө Түризм Сулуусу - 2005” титулунун ээси Алима Сирогари катышты. (ElenK)

XS
SM
MD
LG